• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жыл башынан бери Лейлек районунда сууга чөккөн 4 факты катталган

Аймак 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Лейлек районунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү да катышууда, - деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жаш өспүрүмдөрдүн жол коопсуздугун, зордук-зомбулуктун алдын алуу, укук бузууларды болтурбоо, ошондой эле сууга чөгүү фактысынын алдын алуу боюнча маселелер көтөрүлдү.

"Жыл башынан бери Лейлек районунда төрт сууга чөгүү фактысы катталып, төртөө тең каза болгон. Тилекке каршы, каза болгон жаш өспүрүмдөр толук кандуу ата-эненин колунда көзөмөл жоктугу. Ал эми район аймагында 7 ай аралыгында жаш өспүрүмдөр тарабынан 3 факт уурулук катталып, 2 факт жаш өспүрүмдөр зордук-зомбулукка кабылган. Өз балдарына кайдыгер мамиле жасаганы үчүн ата-энелерге 18 протокол толтурулган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий