• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ош облусунда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. 16-17-декабрь күндөрү Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорунда өзгөчө кырдаалдар жана ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өрттү көзөмөлдөө боюнча улук инспекторлор менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты – жаңы жылдык майрамдарда пиротехникалык каражаттарды колдонууда өрт коопсуздугун сактоо, кырсыктарды болтурбоо жана мыйзамсыз сооданын алдын алуу болуп саналат.

Кара-Суу районунда 27 соода түйүнүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 56 адамга нускамалар берилди. Ал эми Алай районунун Гүлчө айылындагы базарлар менен соода түйүндөрүндө 30 соода жайы текшерилип, 50 адамга эскертүүлөр таратылды.

Иш-чаралар учурунда соодагерлерге өрт коопсуздугу тууралуу баракчалар жана корешоктор таратылып, пиротехникалык каражаттарды колдонууда сактык чараларын кармануу боюнча маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий