• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ош облусунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча окутуулар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын окутуу залында чоң масштабда семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул семинарга Ош шаардык жана Ош облусундагы район-шаардык Ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктеринин орун басарлары, ошондой эле облус аймагындагы коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, аксакалдар соттору, аялдар кеңеши катышты.

Аталган семинар ИИМ, “Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтыкта уюштурулуп, укук бузууларды алдын алуу боюнча темалар каралды.

ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги Таалай Алижанов жана башкы инспектору Мурадыл Чымырбаев “Укук бузуулар жөнүндө”, “Укук бузуулардын алдын алуу негиздери жөнүндө”, президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар боюнча жарлыгын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий