• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ош облусунда жарандык коргонуу боюнча командалык-штабдык машыгуу өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.09.24./Кабар/. Ош облусунун Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары менен командалык-штабдык машыгуусу өтүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн саат 7:30да берилген айгай боюнча райондук жарандык коргонуу кызматтарына Ноокат районунун Тажибай ата атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына чогулушту. Анда “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети” темасында машыгуу уюштурулду.

Жалпысынан иш-чарага 256 кызматкер, 27 инженердик жана атайын техника, ошондой эле 30 куткаруучу жана 3 куткаруу техникасы катышты.

Машыгууда жер титирөөнүн кесепетинен өрт кырсыктары катталып, электр мамычалары жана имараттар жабыркагандыктан куткаруу жана эвакуациялоо иштери практикалык түрдө өткөрүлдү.

Белгиленгендей, Ош облусунда команда-штабдык машыгуу 20-сентябрда жыйынтыкталат. Машыгуулар жарандык коргонуу системасынын бардык деңгээлдериндеги кызматкерлердин ыкчам аракеттерди көрүү жөндөмүн жогорулатуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий