Бишкек, 12.01.25. /Кабар/. Бүгүн саат 11:52де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Кара-Жыгач айылынан түштүк-чыгышка карай 3 чакырым, Ийрек айылынан түндүк-батышка карай 7 чакырым, Курбу-Таш, Туз-Булак айылдарынан түндүк-батышка карай 10 чакырым аралыкта жайгашып, жердин силкинүүсү Кара-Жыгач айылында 3 баллга, Өзгөн районунун Ийрек, Курбу-Таш, Туз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий