• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Ош облусунда жыл башынан бери өнөр жай багытында 92 ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Жыл башынан бери Ош облусунун аймагында өнөр жай багытындагы 92 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында айтылды.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, бул аралыкта жалпы 993 жумуш орду түзүлгөн.

Мындан тышкары, жыйында өнөр жай тармагында жалпысынан 1 млрд 928,4 млн сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлгөндүгү айтылды.

Ошентип, быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 611,2 млн сомго көп инвестиция тартылып, 38 ишканага көп ачылды. Белгиленгендей, 2023-жылдын 9 айында 54 ишкана ачылып, 1 млрд 317,2 млн сом инвестиция тартылган.

Пикир

Оставить комментарий