• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандын Баткен Тажикстандын Согди облустарынын башчылары жолукту

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар. 2021-жылдын 16-августунда КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган эки тараптын Баткен, Лейлек жана Исфара райондорунун акимдеринин жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери чектеш аймакта жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тарап ар бир чек арада катталган, соңку күндөрү болуп жаткан окуяларды талкууга алышты. Кандай катачылыктар, кимдер тарабынан кемчиликтер келтирилгендиги туурасында сөз кылышты. Мындан сырткары, тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине орун алган окуялар боюнча териштирүү иш аракеттери боюнча сөз берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар чечемдер кабыл алынды:

- 2021-жылдын 17-августунан баштап чек ара кызматтарынын жер-жерлердеги чек ара заставалардын башчыларынын биргеликте чек арадагы терс көрүнүштөр боюнча окутууларды өткөрүү;

- Эки тараптуу милиция кызматкерлеринин (ПОМ,аймактык милиция кызматкерлери) биргеликте чек арага жакын аймактарда кошумча алдын алуу боюнча окутуу сабактарын өткөрүп иштөөнүн натыйжасын күчөтүү;

- Чек арадагы чектешкен айылдардагы жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иш чараларын өткөрүү жана чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу;

- Чектеш аймактарда чыр чатак орун алган окуялар боюнча күч органдары тарабынан козголгон фактылар жана күч органдары тарабынан даярдалган материалдарды алмаштыруу.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, жолугушуунун негизги максаты эки тараптан биргеликте кыргыз-тажик чектеш аймактарында чыр чатактарды алдын алуу, болтурбоо болуп саналат. Мындай эки тараптын облус башчыларынын деңгээлинде жолугушууну ай сайын эки жолу уюштуруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий