• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ЕБ Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга 12 млн сом бөлөт

Аймак 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Европалык комиссия Ош облусунда жер титирөөдөн жапа чеккендерге 165 миң евро (12 млн ашык) өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Евро биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Каражаттар Чоң-Алай районунун 2750 жашоочусуна жардам көрсөтүүгө багытталат. Акчаларды Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Улуттук коомуна жууркан-төшөк, ашкана буюмдары, гигиена каражаттарын жеткирип, таратып берүү үчүн которулат.

Мындан тышкары, жабыр тарткан үй-бүлөлөр эң опурталдуу маселелерди чечүүгө материалдык жардам алышат.

Белгилүү болгондой, 3-май Тажикстандын түндүгүндө Кыргызстан мене чек арага жакын аймакта 5,9 баллга жеткен жер титиреген. 5-майда 5,8 баллга жеткен силкинүү кайталанган. Курмандыктар тууралуу маалымат түшкөн эмес, бирок, Ош жана Баткен облустарынын көптөгөн чек арадагы аймактарында имараттар бузулуп, зыян келген. Чоң-Алай районунун Карамык, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук жана Шибе айылдарында 500дөн ашык үйгө зыян келип, 200гө жакыны бузулган. Натыйжада, бул айылдардын 5000 жашоочусу жардамга муктаж.

Пикир

Оставить комментарий