• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ош облусунун башчысы Кара-Кулжадагы жер көчкү жүргөн аймакка барды

Кырсык 0


Бишкек, 09.12.24./Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев күн мурун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын жер көчкү жүргөн тилкесине барып, кырдаал менен жеринен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус жетекчиси тийешелүү кызматтар менен биргеликте абалга байкоо жүргүзүп, жолду тез арада ачуу үчүн жакын райондогу бардык техникаларды тартуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле бардык кооптуу тилкелерге мониторинг жүргүзүп, алдын алуу чараларын көрүп, жумушту тездетүү үчүн бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип, жергиликтүү тургундарды түшүнүү менен мамиле кылып турууга чакырды.

Белгилей кетсек, кечээ 7-декабрь кечки саат 17:00 чамасында Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа-Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12,000м3 жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган. Жабыркагандар жок жана Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол бар.

Аталган аймакка 2022-жылдын 14-июнунда жер көчкү кооптуулугу жогору болгондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыккан.

Пикир

Оставить комментарий