• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош облусунун башчысы «Мерсико» эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов «Мерсико» эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, «Мерсико» эл аралык уюму менен биргеликте облустун аймагында аткарылып жаткан иштер жана мындар ары ишке ашуучу долбоорлор боюнча сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, «Мерсико» эл аралык уюму 1994-жылдан бери Кыргызстанда иш алып барып келет. Буга чейин аталган уюм тарабынан Ош облусунун аймагында 94 мектеп ысык тамак, ашкана жабдуулары менен камсыз кылынган.

Пикир

Оставить комментарий