Ош шаары Литва менен кызматташтыкты өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Алматы шаарындагы Литванын Генералдык консулу Гвидас Керушаускас менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү, анын ичинде туризм, билим берүү, соода-сатык тармагында өз ара экспорттун көлөмүн арттыруу багытында кызматташууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий