• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарында 700дөн ашык айымдын катышуусунда майрамдык салтанат болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 08.03.23. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат уюштурулуп, ага 700дөн ашык айым катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Баатыр энелерди, эмгектин жана согуштун ардагерлерин, ар тармакта эмгектенген айымдарды Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков куттуктады.

Мэр куттуктоосунда бул майрамдын маанилүүлүгүн белгилеп, аялзаты түгөнгүс ажардын, ченемсиз энергиянын жана жашоонун негизи экенин баса белгиледи.

Ар тармакта өзгөчөлөнгөндөр Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Иш-чаранын алкагында белгилүү эстрада аткаруучуларынын жана чыгармачыл инсандардын, маданият ишмерлеринин катышуусунда чоң концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий