Ош шаарында бизнести агартуу кербени старт алды

Аймак 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарында ишкерлерди колдоо максатында "Бизнести агартуу кербени - салык реформасынын чакырыктары" долбоорунун алкагында иш-чара өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада бизнес коомчулугу үчүн эң актуалдуу темалар талкууланып, салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр, чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдер, ККМды, ЭТТКны, ЭЭФти колдонуу, Мамлекеттик текшерүүчү органдар тарабынан текшерүүлөргө мораторий киргизүү жөнүндө тийиштүү кызматтар, салыктар жана социалдык камсыздандыруу боюнча электрондук отчетторду тапшыруу жана башка темалар каралды.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен JIA (Жаштар Ишкер Ассоциациясы) тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий