Ош шаарында былтыр саламаттык сактоо мекемелерине 669 миңден ашуун адам кайрылган

Аймак 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Ош шаарында 2022-жылы саламаттык сактоо мекемелерине медициналык жардам алуу үчүн 669 миң 226 адам кайрылган. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулованын катышуусунда Ош шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринин ишинин жыйынтыгы чыгарылды.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жана төрөт үйүнүн, инфекциялык оорукананын жана шаардык саламаттык сактоо тармагынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат угулду.

Ош шаарынын саламаттык сактоо тармагына төмөнкүлөр кирет: Ош шаардык клиникалык ооруканасы 936 орунга ылайыкташкан, төрөт үйү 185 койкага ылайыкташкан, көп функционалдуу жугуштуу оорулар бөлүмү 270 орундуу, Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун 11 филиалы, 9 ФАП, 1 медициналык пункт, 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 40 орундуу Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору, 70 орундуу Ош шаардык кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борбору, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана тез жардам станциясы, 2 стоматологиялык клиника, мамлекеттик профилактикалык дезинфекциялык станция болуп 22 мамлекеттик медициналык мекеме бар.

Медициналык мекемелерде жалпы 3212 медицина кызматкери эмгектенет, анын ичинен 799 дарыгер, анын 1 505и орто, 484ү кенже медициналык кызматкерлер, 412си башка кызматкерлер.

2022-жылы Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборуна жана анын филиалдарына кайрылган жарандардын жалпы саны 669 миң 226 адамды түзгөн.

Өткөн жылы Ош шаарында 7 924 бала төрөлгөн, бул 2021-жылга салыштырмалуу 265 ымыркайга көп (2021-жылы 7 659 бала).

Пикир

Оставить комментарий