• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто шаардык мекемелердин кызматкерлеринин 50%ы аралыктан иштөөгө өтөт

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Ош шаарында шаардык жана муниципалдык ишкана жана уюмдардын кызматкерлеринин 50%ы аралыктан иштөөгө өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, КР министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жана Ош шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык, шаардын муниципалдык ишканаларында жана мекемелеринде кызматкерлердин 50%ы аралыктан иштөөгө которулат. Буйрукка ылайык, биринчи кезекте аралыктан иштөөгө жарандардын айрым категориялары: 60 жаштан ашкан кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана кош бойлуулар которулат.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана ишканалардын жетекчилерине кызматкерлердин 50%ын аралыктан иштөөгө жөнөтүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий