• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн "Чернобыль курмандыктары" эстелигинин алдында Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, митинг-реквиемге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагерлер, курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, апаатта каза болгондор эскерилди. Бүгүнкү күндө шаарда Чернобылдагы аварияны жоюуга катышкан 38 ардагер жашайт.

Эске салсак, 1986-жылдын 25-апрелинен 26-апрелине караган түнү ХХ кылымдын эң ири техногендик апааты – Чернобыль АЭСинин төртүнчү энергоблогунда авария болгон. Жыл сайын 26-апрелде Ош шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилет. Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка быйыл 38 жыл толду.

Пикир

Оставить комментарий