• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Ош шаарында III ведомстволор аралык кинологдордун мелдеши өтүүдө – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Ош шаарында III ведомстволор аралык кинологдордун мелдеши өтүүдө.

УКМКдан маалымдашкандай, мелдеш Квалификацияны жогорулатуу жана аскерлерди кайра даярдоо борборунун базасында уюштурулууда.

Кинологдордун ведомстволор аралык мелдеши Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) кеңселик программасынын колдоосу менен үчүнчү жылы катары менен өткөрүлүп жатат.

Квалификацияны жогорулатуу жана аскерлерди кайра даярдоо борборунун башчысы А. Абдылдаев мелдештин катышуучуларына кайрылууда республиканын күч жана укук коргоо ведомстволорунун иш-аракети улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн коюлган тапшырмаларды сапаттуу аткарууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги кеңселик программасынын башчысы элчи А.Рогов мелдештер эрктүүлүктү, кесипкөй чеберчиликти жана топтолгон тажрыйбаны көрсөтүүгө аянтча болорун айтты.

III ведомстволор аралык кинологдордун мелдешине УКМКнын Чек ара кызматынан, Юстиция министрлиги алдындагы Жазаларды аткаруу кызматынан, Финансы министрлиги алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынан жана ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан келишкен 4 команда катышууда. Жалпысынан 12 адам жана 8 кызматтык ит күч сынашууда.

Мелдештер 11-октябрга чейин созулат. Мында кинологдор жана кызматтык иттер багажда, жүк ташуучу жана жеңил автоунааларда, бөлмөдө баңгизатты издеп табуу боюнча таймашат.

Пикир

Оставить комментарий