Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында 2-ноябрь – Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада Маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүгө, калктын руханий дөөлөтүн арттырууга кошкон салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарында өткөрүлгөн маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышкан бир катар маданият кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Ош шаардык маданият башкармалыгынын Ардак грамота, ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Пикир
Оставить комментарий