• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Ош шаарында опузалап акча талап кылып жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына И.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, мурунку сүйлөшкөн кызынын ажырашып кеткен күйөөсү опузалап акча талап кылып жатканын билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.

Алынган маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын 24-июнунан тартып ушул күнгө чейин арыздануучунун мурунку сүйлөшкөн кызынын ажырашып кеткен күйөөсү ага телефон чалып, тойго кетирген 150 миң сом акча каражатын кайтарып берүүнү талап кылып, балдарга сабатып, өлтүрүп кетемин деп опузалап акча талап кылып жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 17-июлда Ош шаарында 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын арыздануучудан алып жаткан жеринен 1991-жылы туулган К.А. кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий