Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Күн мурун, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата Ош шаарынын бардык вице-мэрлери, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-уюмдардын жетекчилери ардагерлердин жана тыл эмгекчилеринин үйүнө барып Жеңиш күнү менен куттукташты.
Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ардагерлерге акчалай жана майрамдык тамак-аш түрүндө колдоо көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери жана 6 тыл эмгекчиси жашайт.
Пикир
Оставить комментарий