• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жамааттары жана тургундар катышты.

Эскерүү иш-чарасында облус башчысы мамлекеттүүлүктү калыптандыруудагы урунттуу учурларга токтолду. Эл-жер, адилеттүүлүк, эркиндик үчүн курман болгон ата-бабаларды эскерип туруу кийинки муундун милдети болуп саналаарын айтты.

Чогулгандар аянттагы эстелик тактайчасында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон чыгаан инсандар, репрессия курмандыктарынын сүрөтүнө гул коюшуп, куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий