• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында такси кызматтары ишин токтотот – мэрия

Аймак 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Ош шаарында такси кызматтары ишин токтотот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин шаарда коомдук унаалардын иши токтотулган. Мэрия шаарда айрым керектүү кызматтардын кызматкерлерин ташуу үчүн №1, №2 троллейбустук жана №12, №13 автобустук каттамдар күнүнө эртең менен жана кечинде каттап турарын билдирген.

"Ош шаарында такси кызматтары толук токтотулат. Үйдөн чыкпашыңыздарды суранабыз", -деп кайрылат шаар тургандарына мэрия.

Белгилей кетсек, коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 22-марттан тарта Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 16га (7 эркек, 9 аял) жетти. Баткен облусу – 1, Сузак району – 8, Ноокат району – 5 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий