• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын аймагында жарыяланган жазгы үч айлыкка активдүү катышкандар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында март, апрель, май айларында өткөрүлгөн жазгы үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, көрктөндүрүү жана жашылдандырууга активдүү катышкан бир нече ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер сыйланышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тазалык, кооздук, жашылдандыруу баарыбызга керек жана маанилүү экенин баса белгилеп, экинчи борбор аталган Ош шаарын жашылдандыруу жана күрктөндүрүү үчүн биргеликте кам көрөлү деп билдирди.

“Жазгы үч айлык эле эмес, жыл бою эле тазалыкты сактап, айланабызды тазалап, көчөт отургузуп, жашыл зоналарды көбөйтүүгө салым кошолу. Канчалык шаарыбыз көрктүү, таза болсо, ошончолук келген коноктор, туристтер көбөйөт. Андыктан шаарыбыз үчүн баарыбыз иштешибиз керек”, - деди Мамбетов.

Сыйлоо аземинде “Мыкты кварталдык комитет”, “Мыкты көп кабаттуу үй”, “Мыкты социалдык мекеме”, “Мыкты муниципалдык ишкана”, “Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн мыкты жеке менчик ишкана”, “Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн мыкты ишкана” номинациялары боюнча жеңүүчүлөргө ыраазычылык баракчалары жана акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле жазгы үч айлыкка ативдүү катышкан ишканаларга "Ыраазычылык баракчасы" тапшырылды.

Ош шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалар, уюмдар, жогорку жана орто окуу жайлары, соода-түйүндөрү менчигинин түрүнө карабастан өздөрүнө бекитилип берилген аймактарда көчөт отургузуу, бак-дарактарды актоо, санитардык тазалоо иштерин жүргүзүшүп, жыйынтыгында шаар аймагында жарыяланган жазгы үч айлыкта жалпысынан, (пандемиялык шартты эске алуу менен) сегиз жолу ишембилик өткөрүлгөн.

Өткөрүлгөн ишембиликтерде 12 миң 230 мекеме-уюм жамааттар ишембиликке чыгып, жалпы 324 миң 512 адам катышкан, 31 миң 565 түп жазы жалбырактуу, 650 түп ийне жалбырактуу, 40 миң түп бадал көчөттөрү, 25 миң чарчы метр жер аянтына 1 миллионго жакын гүл көчөттөрү отургузулуп, 246,3 чакырым аралыктагы арыктар тазаланып, жалпы чыгарылган таштандынын көлөмү 11 миң 30 тоннаны түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий