• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ош шаарында жарандык коргонуу кызматтарынын машыгуусу башталды

Аймак 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында республикалык масштабдагы командалык-штабдык машыгуу башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, машыгуунун негизги темасы "Катуу жер титирөө катталган учурда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети" деп аталат.

Машыгуу таң эрте башталып, "Айгай" жарыяланган соң Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтарынын бардык күч жана каражаттары "жогорку даярдык" режимине өткөрүлдү. Бул даярдык кырсыктарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам чараларды көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Машыгуунун максаты:

- өзгөчө кырдаалдар, айрыкча жер титирөө сыяктуу табигый апааттар учурунда Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иш-чараларын өркүндөтүү;

- жарандык коргонуу кызматтарынын авариялык-куткаруу жана кечиктирилгис иштерди уюштуруу жөндөмүн күчөтүү;

- жетекчилик жана кызматкерлердин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу;

- түзүлгөн кырдаалга карата чечим кабыл алуунун ыкчамдыгын текшерүү жана жакшыртуу.

Машыгууга өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, жарандык коргонуу кызматынын башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышууда. Ошондой эле машыгууларга тиешелүү күчтөр менен каражаттар, авариялык-куткаруу отряддары, тез жардам жана башка кызматтар тартылган.

Машыгуунун алкагында чыныгы кырдаалдарды имитациялоо менен куткаруучулар ар кандай өзгөчө кырдаалдарга реакция кылууну жана аларды натыйжалуу жоюу аракеттерин аткарышат.

Командалык-штабдык машыгуу үч күнгө созулат. Бул аралыкта куткаруу жана башка кызматтар өз ишин координациялап, өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын текшерип, катардагы кызматкерлер менен жетекчилердин ортосундагы байланыш жана иштешүү ыкмалары жакшыртылат.

Машыгуулар жарандык коргонуу системасынын бардык деңгээлдериндеги кызматкерлердин ыкчам аракеттерди көрүү жөндөмүн жогорулатуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий