Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында "Жаркын келечек" аталышындагы форум өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара министрлер кабинетинин "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча" иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу максатында убштурулду.
Форумга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, билим берүү тармагынын жана дин өкүлдөрү катышты.
Анын алкагында жарандардын укуктарынын коргоолушун жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилип, форумдун резолюциясы тааныштырылды.
Ошондой эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан даярдалган видео тасма, мектеп окуучуларынын "Зордук зомбулукка жол жок" аталыштагы кыскача спектакль көрсөтүлдү.
Пикир
Оставить комментарий