• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ош шаарында жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Ош шаарында жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн мурун шаардын сырткы көрүнүшүн иретке салуу, бирдиктүү дизайнга келтирүү жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" жана "Жарнама жөнүндө" мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында Курманжан датка жана Г.Айтиев көчөлөрүндө рейд жүрдү.

Рейддик иш-чара Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Монополияга каршы кызматынын өкүлдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Анын жүрүшүндө мыйзам талабына жооп бербеген, иретсиз жайгаштырылган, эскилиги жетип, шаардын көркүн бузган жарнамалар алынып, жарнама ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ош шаарынын мэриясы ишкерлерге сырткы аталыштарын жазууда жана жарнамаларды көчөлөргө жайгаштырууда мыйзам талаптарын сактоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий