• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусунун башчысы Ак-Сай өрөөнүнө сапар алды

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев баштаган облустук Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү Ак-Сай өрөөнүнө сапар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын максаты Ак-Сай өрөөнүндө кыштаган Ат-Башы, Нарын райондорунун фермерлеринен кабар алуу, Чой-Жап кыштоосундагы малчыларга тоют жеткирүү, жолдун абалын көрүү, Торугарт көзөмөл өткөрүү пунктундагы айдоочулар менен жолугуп, жүк жүктөөчү автоунаалардын каттамын жакшыртуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий