• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад - Балыкчы унаа жолунда дарактар мыйзамсыз кыйылган

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жумгал райондук электр тармагынын кызматкерлери тарабынан эч кандай уруксат документтери жок 41 дарак мыйзамсыз кыйылган.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, дарактардын мыйзамсыз кыйылышы ведомствонун Нарын аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мамлекеттик маанидеги Жалал-Абад - Балыкчы альтернативдик унаа жолунун тилкесинде, тагыраагы Нарын облусундагы Жумгал районунун Куйручук айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталган.

Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 39 миң 672 сомду түзөт. Тартип бузууларга карата өндүрүштүк акт түзүлдү.

Жумгал райондук прокуратурасына мыйзам бузууларга юридикалык баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү боюнча материалдар жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий