• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ала-Бука милициясы суу кырсыктарынын алдын алуу иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Ала-Бука милициясы суу кырсыктарынын алдын алуу максатында Т.Балтагулов айыл аймагындагы чоң суулардын жээктерине эскертүү белгилерин орнотту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Адам өмүрү барынан кымбат экенин айткан кызматкерлер жаш балдарды ар дайым көзөмөлдөп туруу керектигин жашоочуларга эскертишти. Сууга түшүүдө кооптуу аймактарга баруу, алыска сүзүү, терең жагына өтүү коркунучтуу экендигин жеткиришти.

Пикир

Оставить комментарий