• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузак районунда коменданттык саатты бузган 2 адам кармалды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Сузак районунда коменданттык саатты бузган 2 адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында бир күн ичинде 12 кылмыш катталып, алардын баарынын бети ачылды. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.

"Акыркы бир күндө өткөрүлгөн профилактикалык иштердин жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында 39 жана Сузак районунда 2 киши кармалды. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин алар кое берилген. Ал эми коменданттык саатты бузгандыгы үчүн Сузак районунда болгону 2 жаран кармалды", - деди ал.

Эскерте кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Кыргызстанда 5-апрелге карата коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий