• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде республика боюнча 832 миң 828 метр унаа жол дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында КР өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан 832 миң 828 метр унаа жол дезинфекцияланды.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ведомство тарабынан 12 миңден ашуун орундук даярдалган.

- Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блокпостторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган;

- Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;

- 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде коронавирус боюнча 1081 чалуу түшүп, нөөмөтчүлөр келип түшкөн бардык суроолорго жооп беришүүдө. Өткөн суткада жалпы 7440 чалуулар түшкөн, басымдуулугу максатсыз чалуулар;

- ӨКМ тарабынан 324 куткаруучу жана 96 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий