• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарындагы коомдук каттамдарынын каттоо мөөнөтү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 22-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Джунусбаев шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынан жана шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен түзүлгөн комиссиялык топ менен биргеликте коомдук каттамдарга рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-мэр эртең мененки саат 07:30да жарандардын көбү жумушка же окууга шашып бараткан убакытта кичи автобустар менен троллейбустардын режимдерин текшерди. Ошондой эле коомдук транспорттун экологиялык жана техникалык абалын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чара Ош шаарынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий