• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Ош шаарындагы жарнамалык такталар санариптештирилет

Аймак 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен шаардагы жарнамалык такталарды санариптик форматка өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеде эски үлгүдөгү жарнамалык такталарды алып салуу жана санариптештирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жарнамалык такталардын ээлерине апрель айында эскертүүлөр берилип, көчө инфраструктурасын иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында жаңы санариптик (лайтбоксторду, штенддерди, билборддорду) орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жалпысынан шаар боюнча 300дөн ашык эски үлгүдөгү Г,Т жана П формасындагы жарнамалык мегаборддор бар.

Пикир

Оставить комментарий