• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Суусамыр өрөөнүндө картошканын түшүмү жыйналууда

Аймак 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Суусамыр өрөөнүндө картошканын түшүмү жыйналууда. Бул тууралуу Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн деңиз деңгээлинен 2226 метр бийиктикте жайгашкан айдоо жерине эксперимент катары үстүбүздөгү жылдын май айларынын этегинде Пикассо сортундагы картошка айдалган.

Климаты катаал, бийик тоолуу аймакта картошканын бул түрүн өстүрүү Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо департаментинин сунушу жана жардамы менен ишке ашкан.

Кечээ, 27-сентябрдан тарта түшүмдү жыйноо иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий