• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарынын айрым райондорунда таза суу берүү токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү чукул убакытта токтотулду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, буга ншѳрлѳп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланып кеткендиги себеп болгон.

Мэрия шаар тургундарынан таза суу камдап алууну суранат. Системада (суу кампа, суу түтүк) 2-3 саат суу болот. Ошол эле кезде мэрия жарандарды сабырдуулукка чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105.

Пикир

Оставить комментарий