• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Вакциналардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга 200 муздаткыч алынды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта, “Балдардын кызыкчылыгы үчүн гуманитардык иш аракеттер” (НАС) программасынын алкагында Кыргызстан ЮНИСЕФтен 150 фризерди жана 50 айкалыш муздаткычты алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жабдуулар вакциналардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу үчүн өлкө боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарында орнотулат.

Вакциналарды сактоо үчүн муздатуучу жабдууларды тапшыруу аземине КР саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова, ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн башчысы Томойа Сонода жана Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова катышты.

Өз сөзүндө Айнура Акматова COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө жана элдин ден соолугун чыңдоодо көрсөткөн жардамы үчүн ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди.

ЮНИСЕФ COVID-19га каршы күрөштө Өкмөткө колдоо көрсөтүп келүүдө. Бул үчүн ЮНИСЕФ COVAX демилгесинин алкагында COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздоо, вакциналарды сактоо үчүн муздатуучу чынжыр жабдууларын сатып алуу, илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди өтө зарыл буюмдар менен камсыз кылуу, ошондой эле жарык дүйнөгө келген ар бир бала аман калып, ден соолугу чың болушу үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларды колдоо багытында иштерди жасоодо.

“Жаңы жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигинин вакциналарды туура сактоо жана кыргызстандын калкы үчүн сапаттуу эмдөө кызматын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Вакциналар менен өз убагында жана коопсуз камсыздоо максатында ЮНИСЕФ мындан ары да Кыргызстандын өкмөтүнө бардык зарыл болгон колдоону көрсөтө бермекчи”, - деди ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн башчысы Томойа Сонода.

Ушул жылдын башында өлкөгө 46 фризер жана 35 айкалыш муздаткыч келген. Бул жабдуулар Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын (GAVI) “Муздатуучу чынжыр жабдууларын оптималдаштыруу платформасы” долбоорунун алкагында алынды. Учурда вакциналарды сактоочу жабдуулар аларды бөлүштүрүү планына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий