"Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлери акысыз медициналык кароодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы "Аялдар кеңеши" бирикмеси уюштурган акциясынын алкагында "Ош-Тазалык" ишканасынын 50 кызматкери "Саламат" (Ош), "Аквамедлайн" (Ташкент) клиникаларынын жогорку категориядагы дарыгерлердин жардамы менен акысыз медициналык кароодон өтүштү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, текшерүүнү гинеколог, ортопед, кардиолог, уролог, невропатолог, эндокринолог, онколог, УЗИ, эхокардиография адистери жүргүзүштү.

Республикалык "Аялдар кеңешинин" Ош шаары боюнча бирикмесинин төрайымы Атыргүл Кожоеванын айтымында, муниципалдык ишканалардагы аялдардын ден соолугуна кам көрүү республикалык кеңештин негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий