• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүйдө Daewoo Nexia унаасын айдап качкан жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.23./Кабар/. Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан автоунааны айдап качкан жарандар кармалды.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Маяка айылында 15-декабрда болжол менен түнкү саат 03:00дө болгон. Анда белгисиз жаран Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунааны айдап качкан.

Тиешелүү кызматкерлерге атайын багыттама берилип, кылмышка шектүү делип 20, 16 жана 15 жаштагы жаш жигиттер кармалган.

Кармалган жарандар Аламүдүн РИИБнүн тергөө кызматьна өткөрүлүп берилип, Daewoo Nexia унаасы айып токтотучу жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий