• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Президент Бишкекте өткөн Элдик курултайдын ишине баштан аяк катышты

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров эки күн - 15-16-декабрда Бишкекте өткөн Элдик курултайдын ишине баштан аяк катышты.

Эки күн ичинде 128 делегат сөз сүйлөп, бир катар маселелерди көтөрдү.

Мамлекет башсысы Садыр Жапаров алардын бардыгына курултайдын экинчи күнүндө жооп берди.

Белгилей кетсек, жалпысынан делегаттар жыйында көтөргөн жана курултай катчылыгына келип түшкөн суроолордун саны 2000ден ашты.

Алардын бардыгы тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар, кызматтар курултай өткөн имарат -Т. Сатылганов атындагы филармонияда коомдук кабылдама уюштуруп, делегаттардын арыздарын кабыл алуу боюнча иш алып барышты.

Пикир

Оставить комментарий