• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

II Элдик курултай. Мамкурулуш агенттигинин дарегине 200дөн ашык кайрылуу келип түштү

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги экинчи Элдик курултайдын делегаттарын кабыл алды. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлайт.

Бүгүн аталган агенттиктин директору Нурдан Орунтаев, анын биричи орун басары Самат Жантелиев Элдик курултайга келген делегаттарды кабыл алып, алардын суроолоруна жеринде жооп беришти.

Кабыл алуу учурунда Мамкурулуш агенттигинин дарегине делегаттар тарабынан курулуш, архитектура жана таза суу боюнча 200дөн ашык кайрылуу келип түштү.

Пикир

Оставить комментарий