• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандын түштүгүндө жаштар үчүн “Туура кесип - Келечек кепилдиги” форуму өтөт

Аймак 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында жаштар үчүн “Туура кесип - Келечек кепилдиги” форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Билим берүү жана илим министрликтери, Салымбеков университети жана Ulut_kyrgyzstan медиа тиркемеси тарабынан уюштурулууда.

Кыргызстанда жылына болжол менен 160 миңге жакын окуучу 9-11-классты аяктайт. Ар бир окуучунун туура кесипти тандоосу анын кийинки тагдырына чоң таасирин берет.

Мындан улам, “Туура кесип - Келечек кепилдиги" – платформасынын максаты келечек жаштарын кесипке багыттоо үчүн республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингдерди уюштуруу негиздүү болуп саналат.

Платформанын алкагында өз кесибинин мыкты адистер бүтүрүүчүлөр үчүн актуалдуу темалар боюнча презентация жасоо пландалууда.

Белгилей кетсек, иш-чара 31-майда саат 10:00дө Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында, 1-июнда саат 15:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драм театрында, 2-июнда саат 13:00дө Жалал-Абад ресторанында өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий