• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ОшМУ менен Кытайдын Сыюань университети кош дипломдуу билим берет

Билим 0

Бишкек, 15.07.23. /Кабар/. Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университетинин проректору Чжао Мин Юй баштаган делегация Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) иш сапары менен келди.

ОшМУнун басма сөз кызматынан билдиришкендей, делегация менен ректор Кудайберди Кожобеков, окуу жайдагы структура жетекчилери жолугуп пикир алышты.

Жыйындын жүрүшүндө коноктор Сыюань университетинин мүмкүнчүлүктөрү, байланыштары, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар боюнча атайын презентация жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кытай тили, лингвистика жана IT багыттары боюнча кош дипломдуу билим берүү боюнча 2+2 келишимине кол коюлду.

Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Буга чейин 2023-жылдын 6-майында Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде ОшМУ менен Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университети эки тараптууу кызматташуу келишимине кол койгон. Келишимге ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Кытайга болгон жумушчу иш сапарында жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий