• 85.8
  • 92.82
  • 0.88

Ош шаарында өспүрүмдөр катышкан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Ош шаарындык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык багыттагы жолугушууларды уюштурууда. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда милиция кызматкерлери менен окуучулардын ортосунда канткенде өспүрүм интернетке көз каранды болуудан арылат, чукул кырдаал учурунда кимге чалуу керек, суициддин кантип алдын алууга болот деген суроолор талкууланды.

Шаар аймагында март ай аралыгында эле 10дон ашуун жолугушуулар өткөрүлдү. Кезектеги ушундай иш-чара жума башында Ош шаарындагы К.Маркс атындагы орто мектепте болуп өттү.

Жолугушууга мектептин бардык окуучулары, педагогикалык жамааты, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №4 милиция бөлүмүнүн, милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери катышты. Окуучуларга кылмыштуулуктан оолак болуунун жана таалим-тарбиянын келечектеги орду, пайдасы тууралуу Ош ШИИБнын №4 милиция бөлүмүнүн башчысы Марипбай уулу Таирбек, К.Маркс атындагы мектеп-гимназиясынын директору Элвиза Нарынбаева айтып беришти. Жолугушуу учурунда кыскача музыкалык тыныгуулар болуп, мектептин өнөрлүү окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Башка жолугушуулардан айырмаланып, бул жолугушууга дарыгер-психологдор дагы чакырылды. Жолугушуу негизинен суроо-жооп форматында өтүп, окуучулар өздөрүн кызыктырган бир нече суроолорго жооп ала алышты. Окуучулар жарандардын кылмыш жоопкерчиликке тартылуу курагы, чукул кырдаалда кайсы номерлерге чалуу биринчи кезекте зарылдыгы, эмне себептен суицидге баруу көбөйүп бараткандыгы, интернеттен көз каранды болбоо үчүн эмне кылуу керекигин сурашып, жоопторду ала алышты.

Ал эми Милициянын кайгуул кызматынын өкүлү жол эрежесинин сактабагандык кандай кесепеттерге алып келерин айтып берди.

Дарыгер-психологдун түрдүү оор абалдан чыгып кетүү боюнча айткан сөздөрү, ситуациялык суроолору окуучулардын жыйындагы активдүүлүгүн арттырды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бул багыттагы аткарган иш-аракеттери улантыла бермекчи. Жакынкы арада мындай жолугушуулар Ош шаарынын бардык мектептеринде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий