• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кожошев: Чек арадан өтүп жаткан товар жана жүктөрдүн жүгүртүлүшүн толук көзөмөлгө алышыбыз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан товарларды жана жүктөрдү онлайн режимде көзөмөлдөөнү камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү товарлардын жана жүктөрдүн жүгүртүлүшүнө, анын акыркы керектөөчүгө сатууга дейре толук көзөмөлдү камсыз кылууга мүмкүн боло турган шарттарды түзүү зарыл.

«Бул республиканын аймагына мыйзамсыз товарлардын ташып келинишине каршы натыйжалуу күрөшүүнү гана эмес, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун да камсыздайт. Тигил, же бул товар мамлекеттик чек арадан качан, кайсы убакытта жана канча көлөмдө өткөнүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө үчүн бардык тийиштүү мамлекеттик органдардын программалык камсыздоосун бир системага интеграциялоо зарыл. Бизде 24/7 режиминде так цифралар болушу керек. Кыргызстандын президенти тарабынан ушундай милдет коюлган, бардык техникалык кемчиликтерди тез арада жоюу зарыл», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Ал кошумчалагандай, мамлекеттик органдар мыйзам бузууларга чара көрүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек.

«Чек араны кесип өтүүдө мыйзам бузуулар аныкталган учурларга ыкчам чара көрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгуу керек. Мамлекеттик органдардын бардык аракеттери так жана жөнгө салынышы керек. Биз мындан аркы иш-аракеттер үчүн чыныгы маалыматка ээ болуубуз тийиш», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына салмак-габариттик контролдун маалыматтык тутумдарынан, бажылык башкаруу тутумдарынан жана чек араны кесип өтүүчү автотранспорт каражаттарын фиксациялоо тутумунан маалыматтардын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылууну тапшырды.

«Жооптуу кызматкерлер тарабынан маалыматтык системаларга жалган маалыматтар киргизилген учурда ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары каралат», - деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев жана бул буйруктун аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий