• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Новиков: Контрабандага каршы күрөшүүнүн башкы милдети - товарларды эсепке алуунун бирдиктүү маалымат тутумун түзүү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.20. /Кабар/. Товарлардын толук эсебин камсыз кылуу үчүн «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат тутумун түзүү керек. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Чалдыбар» өткөрүү пунктуна барганда билдирди.

«Акыркы жылдары контрабандага каршы күрөшүү жөнүндө көп айтып жатабыз. Эсепке алынбаган продукт таза иштеген ишкерлерге чоң көйгөйлөрдү жаратат. Бүгүнкү күндө өкмөттүн негизги милдети болуп бирдиктүү салык, бажы, чек ара жана салмак-габарит тутумун түзүү болуп саналат. Тагыраак айтканда, тегиз эсепке алуу боюнча бирдиктүү тутуму түзүлүшү керек. Мунун негизинде биз бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык кирешелерди эсепке алууну гана түзбөстөн, ири импортерлорго тең атаандаштыкты камсыз кылуу менен ички рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк түзө алабыз», - деп белгиледи Артем Новиков.

Көзөмөл-өткөрүү жайын карап чыгып, өкмөт башчы айрым кызматтардын ишине нааразылыгын билдирди.

«Ушул убакка чейин даярдалган чаралардын эч бири иштебей жатканына ынандык. Мисалы, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча конкреттүү тапшырма берилген. Бирок жабдуулар орнотула элек электигин көрүп жатабыз. Бардык техника үкөктөрдө салынган боюнча турат. Бул тиешелүү кызматтардын толук аракетсиздиги. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай. Алар өткөн транспорт каражаттарынын чыныгы санын чагылдырбайт.

Ошол эле учурда маалыматтар так болбогондуктан, өткөн күндөгүлөрдү алуу мүмкүн эмес. Тутумдун иштебей калгандыгынан улам, товарларды эсепке алуунун реалдуу маалыматтары чагылдырылбайт, бул коррупцияны жана тобокелчиликтерди жаратат», - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучунун тапшырмасы боюнча коюлган тапшырмаларды аткарбаган адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда жакынкы күндөрү Артем Новиков өткөрүү пунктуна дагы келип, жаңы системанын иштешин текшерет.

Пикир

Оставить комментарий