• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Ошто 15 жаштагы кыз сексуалдык кулчулукта кармалганы белгилүү болду

Аймак 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Ошто 15 жаштагы кыз бир айдай сексуалдык кулчулукта кармалган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, институтка зордук-зомбулукта кабылып келген өспүрүмдүн жактоочусу Жахангир Сайфуллаев кайрылган. Ал кыздын өмүрү коркунучта экенин айтып, кордук көрсөткөндөр эркиндикте жүргөнүн белгилеген.

“Кызды ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп койобуз деп коркутуп, кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, интернетке таркатып жиберишкен. Ошону менен катары эле алар жаш кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү жаш кыздын кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан”, - деген жактоочу.

Бул кайрылуудан кийин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырды.

“Жашы жете элек жаш балдарды сатуу менен алектенгендерге карата мыйзам чегинде бардык чаралар колдонулушу керек. Мындай ачыктан-ачык кылмышка тиешеси барлардын баары табылып, өз жазаларын алышы керек”, - деди ал.

Белгиленгендей, акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий