• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто 2 үй жана сулуулук салону толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. 2017-жылдын 3-август күнү саат 23:45 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан бир той салондон өрт чыгып, өрттүн кесепетинен той салон жана 2 турак үй толугу менен күйгөн.

КР ӨКМ билдиргендей, жабыркагандар жок.

Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген чыгымы такталууда. Өрттү өчүрүүгө 5 куткаруучулар бөлүмү тартылган.

Дагы бир өрт кырсыгы Өзгөн шаарында 2017-жылдын 3-август күнү саат 21:45 чамасында Рахимов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыгып, дүкөндүн жана 2 турак үйдүн чатыры толук күйгөн. Жабыркагандар жок экени маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий