• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүндө балык уулоого кеткен 51 жаштагы эркек дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда балык уулоого кеткен 51 жаштагы эркек дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "112" кызматына Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган И.У.К. эркек киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат түшкөн. Кийин анын кийимдери суунун жээгинен табылган.

Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМнен 8 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен кызматкерлер тартылып, издөө иштерижүргүзүлүп, бирок жыйынтык болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий