Бизге 42-45 жаштардагы намаз окуган түгөйлөр келип, келиндери менен жарышып төрөгөндөн уялып, кош бойлуулукту токтотууну суранган. Бул тууралуу Ош шаарынын төрөт үйүнүн акушер-гинекологу, м.и.к, ОшГУнун медициналык факультетинин акушерлик жана гинекология кафедрасынын доценти Гульбара Ташиева кабарлаган.
- Ошто үй-бүлөнү пландоого кандай карашат жана ал жакта өзүнүн ден соолугуна болгон жооберчилик кандай?
-Азыр жаштарга абдан оор болуп калды, аларга там салуу керек жана андан башка көп нерселер моюнуна илинген. Ошол себептен алар балдардын төрөлүшүн пландоого аракет кылышат. Кээ бир үй-бүлөлөр карьерасын куруп жүрүп, үйлөнүп анан чет жакка Россия, Түркия жана Германия сыяктуу мамлекеттерге иштегенге чыгып кетип, балалуу болууну кийинкиге калтырышат. Чынында, бул маселеге элдер аздыр-көптүр туура мамиле жасап калышты. Контрацептивдерди колдонууда көбүнчө жатын ичиндеги спиралды (ЖИС) жана даары ичүүнү тандашат. Менин балам азыр бешинчи курста окуйт, анын айтымында жаштар контрацептивдер жөнүндө жакшы кабардар.
- Тукумсуздук тууралуу айтып берсеңиз. Азыркы күндө жаштардын ден соолугу начарлап, көптөр балалуу боло албай жүрүшөт.
-Тилекке каршы тукумсуз жубайлардын саны өсүүдө. Кыргыздарда көп учурда үй-бүлө балалуу боло албай жатса, аялды күнөөлөшөт. Ал эми эркектер дарыланбастан жүрө беришет. Эркектердин тукумсуздугунун симптомдору билинбейт. Ошол себептен дарыгерлер жубайларга тукумсуз деген диагноз коюудан мурун, аларды бир жылдай дарылап, байкоо керек. Андан тышкары, дагы бир көйгөй, түгөйлөр 3-4 айдан кийин эле өздөрүнүн балалуу болушуна күмөн санап, өз алдынча дарылана башташат. Бул туура эмес. Мындай жубайларга өздөрүнө ушундай чечим чыгаруудан мурун, бир нече убакыт күтүүнү суранабыз.
Дагы бир чоң көйгөй – эрте үйлөнүү. Азыр 16-17 жашында төрөгөнү келген кыздардын саны өсүүдө. Алар укук-коргоо органдарына турмушка өз каалуусу менен, сүйүп, ата-энесинин макулдугу менен чыккандыгын айтып келишет. Кээ бир учурларда мектеп окуучулары күйөөгө чыгып, төрөгөн күндөр болот. Мындай көрүнүштөр кыргыздарда да өзбектерде да бар. Мурун бизде мындай көрүнүштөр азыраак болчу.
-Жаш үй-бүлөлөрдө кайын эненин ролу кандай жана анын орду сакталып келеби?
-Кайын эненин ролу дайыма сакталып келет. Кайын энеси бар болгондон кийин, ал жаш үй-бүлөгө тиешелүү баардык суроолорду чечип келет. Энеси дайыма кийлигишет деп айтуудан алысмын, бирок кайын эне балдарынын жашоосун көзөмөлдөп жөнгө салып келет. Мисалы, азыр төрөттөн кийин 48 сааттан кийин жатынга спираль салууну киргизгенбиз. Аял киши өзү чечим кабыл алган соң, биз дайыма аялдын өзүнөн сурайбыз. Бирок, аял биринчи күйөөсүнөн сурайт, андан кийин кайын энесинен, качан кайын энеси макулдугун бергенден кийин гана ал аял спираль салдырат.
- Ал эми диний институттар менен репродуктивдүү саламаттыкты бекемдөө боюнча иштер жүргүзүлүп келеби?
-Силер билгендей Ошто бул маселе Бишкектегидей эмес. Көпчүлүктөр үчүн жума күнү иш күн болбой калган. Көп мекемелер, дүкөндөр, май куюучу жайлар жабылат. Бирок бир жолу мага 42-45 жаштардагы намаз окуган жубайлар келип, кош бойлуулукту токтотууну суранган. Мен колумдан келишинче аларды аборт кылдырбоого ынандырууга аракет кылсам да алар көнгөн жок. Алар келиндери менен жарышып төрөөдөн уялып бул чечимге келишкен.
Диний коомчулуктар менен тыгыз иштөөгө аракет кылабыз. Дайыма имамдар менен жолугушуп, маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Азыр алар менен иш жүргүзүү кичине оңой болуп калды. Эскерте кетсек, Куранда күтүүсүз кош бойлуулуктан сактануу туура эмес деп бир да жерде жазылган эмес, тескерисинче үй-бүлөнү пландоого эркек киши дагы катышуусу керек. Мисалы, тарыхта мырзалар өзүнүн айымдарынын календардык күндөрүн сактап келген.
-Түштүк тарапта аялдар сактануунун кайсыл жолун тандашат?
- Биринчи орунда спираль салдыруу, гармондук заттар жана презервативдер турат.
- Ал эми элүү жаштан ашып калган аялдардын жашоосу кандай өзгөрөт?
-Климакс көйгөйү мурун жабык тема катары кабыл алынып, эч жерде талкууланган эмес. Азыр биз климакс мектебин ачтык, ал жерде үй-бүлөлүк дарыгерлерге сабактарды өткөрүп келебиз. Ал жерге аялдар келип климакс жана репродуктивдүү ден соолук тууралуу баардык суроолор боюнча кайрыла алышат. Мындайча айтканда, ушул жаштагы аялдарга жакшы көүүл бурулуп калды. Анткени дарыгерлер аялдардын өзүнүн жашоосундагы жаңы этапка өтүп жаткандыгын эске албастан, неврологиялык жана кардиологиялык оорулардан дарылай башташат.
-Бизде көп учурда аялдар төрөө үчүн гана жаралгандай кабыл алып, аялдар жыныстык катнаш тууралуу ойлонгону дагы уят катары кабыл алышат. Ал эми медицинада бул маселе кандай?
- Бул албетте туура эмес. Былтыр мен бир жаштар форумуна катышкам. Ал жерде негизги темалардын бири ден соолук болгон. Ал жерде катышкан студенттер жана мектеп окуучулары өздөрү репродуктивдүү ден соолук темаларын талкууга көтөрүп чыгуу керек экендигин жана ошол темалар тууралуу баардык ыңгайсыз суроолорго жооп бере ала турган адистер болушу керек экендигин айтышкан. Ал тургай алар мектептерде репродуктивдүү ден соолук боюнча атайын сабак болуусу тууралуу манифест-кайрылуу узатышкан.
Пикир
Оставить комментарий