• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто 9 жылдан бери издөөдө жүргөн отставкадагы полковник кармалды

Коом 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Ошто баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, 9 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын отставкадагы полковниги кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртуүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Ички иликтөө кызматынын Ош шаары боюнча кызматкерлеринин биргелешип жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кармалды. Ал мурдагы Баңгизаттарды контролдоо мамлекеттик кызматынын отставкадагы полковниги 1963-жылы туулган Р.Х. болгон.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынан 10 жылдай жашырынып жүргөн шектүү 2015-жылдан бери баңгизат ташыгандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Кармалган Р.Х. Ош шаардык сотунун чечими менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий